• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаманкулов жана Эрдоган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон даярдыкты талкуулады

Маданият 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министр Азамат Жаманкулов Бүткүл дүйнөлүк этноспорт федерациясынын президенти Неджмеддин Билал Эрдоган менен жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда тараптар сентябрда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктарды талкуулашты.

Билал Эрдоган өз кезегинде учурда Түркия тараптын даярдыктары тууралуу кыскача айтып, Кыргызстан тарапты күтүп алууга даяр экендигин белгилеп, зарыл болгон учурларда байланышта болуп турууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий