• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жаманкулов жана ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Раев кызматташууну талкуулады

Маданият 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда ТҮРКСОЙ уюму менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ортосундагы кызматташуу, алдыда өтө турган төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Түркияда өтө турган Кыргызстандын маданият күндөрү жана "Манас" жумалыгы тууралуу сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий