• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жамбыл облусунда коронавирус жуктурганы аныкталган адам Кыргызстандан барган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Жамбыл облусунда (Казакстан) коронавирус жуктурганы аныкталган адам жакында Кыргызстандан келген. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жамбыл облусунун товар жана кызматтардын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө департаментинин башчысы Берик Жаркынбеков билдиргенин «Казинформ» агенттиги жазат.

"Жамбыл облусунда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталды. Ал Шу районунун тургуну айдоочу болуп иштейт. 23-март күнү Кыргыз Республикасынан келген. 24-март күнү бир күнгө карантиндик стационарга жаткырылып, лабораториялык текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен инфекциялык ооруканага дарыланууга жаткырылды", - деди Жаркынбеков.

Анын айтымында, учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык. Ал менен аралашып жүргөн адамдар аныкталып, обсервацияга алынган. Ал жашаган жерде дезинфекция иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий