• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жамбылдагы аскер кампасында дагы жарылуу болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.10.21./Кабар/. Жамбыл облусунун Байзак районундагы Сарыкемер айылында жайгашкан аскер кампасында жарылуу болгонун Казакстандын Коргоо министрлиги "Тараз 24" телеканалына билдирди.

"10-октябрда Жамбыл облусундагы ок-дарылар сакталган Сарыкемер аскердик кампасынын аймагында мурда зыянга учураган жарылуучу заттардан өрт чыгып, анын кесепетинен жарылуу болгон", - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Билдирүүгө караганда, бул окуя жумуштан сырткары маалда болуп, жардыруу болгон жерде эч ким болгон эмес жана имарат зыян тарткан жок.

Буга чейин 26-августта Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик бөлүктүн кампасында ок-дарылар жарылып, өрт чыккан. Жүздөгөн адам окуя болгон жерден көчүрүлүп, 17 адам каза таап, ондогон киши жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий