• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Казакстандын Жамбыл облусунда жарылуудан каза болгондор 17 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Жамбыл облусунда курал-жарак кампасындагы жарылуудан жаракат алган өрт өчүрүүчү, 28 жаштагы Жанибек Турманов каза тапканын Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-сентябрда кабарлады.

Окуяда он жарандык коргонуу кызматкер, алты жоокер, бир аскер прокурору каза тапты. Дайынсыз болуп жаткан жоокер Бауыржан Даутбаевди издөө иштери уланууда.

Жамбыл облусунун Байзак районундагы курал-жарак сакталган кампа 26-августта жарылган. Жүздөй адам жаракат алган. 106 турак-жай, 13 мектеп жана 12 обьекти кыйраган.

Жарылуунун так себеби белгисиз. Коргоо министрлиги бул окуя боюнча "Курал жана айлана-чөйрөгө кооптуу заттар менен иштөө эрежесин бузуу" беренеси боюнча иликтөө башталганын кабарлаган.

Кырсыктан кийин коргоо министри Нурлан Ермекбаев кызматтан кеткен. Анын ордуна Мурат Бектанов дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий