• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жамгырчиева майыптардын укуктарын коргоого арналган эл аралык конференцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда КР Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева майыптардын укуктарын коргоого жана адамдын экологиялык укуктарын коргоого арналган "Евразия мейкиндигинде адам укуктарын коргоо проблемалары: Акыйкатчынын мыкты тажрыйбалары менен алмашуу" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын ишине катышты. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгы кабарлайт.

Иш-чара 250дөн ашуун катышуучуну жыйнаган. Видео-конференц-байланыш форматындагы конференция чет өлкөлүк омбудсмендерди, эл аралык адам укуктары боюнча уюмдардын жетекчилерин жана адам укуктарын коргоо боюнча мекемелердин ассоциацияларынын өкүлдөрү, илимий коомчулуктун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жана Россиянын субьектилериндеги Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр катышты.

Бул иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөзүн Россиянын президенти В.Путин, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары М.Бачелет жана Омбудсмендердин эл аралык институтунун директору Крис Филд жолдогон.

Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева белгилегендей, бул конференциянын жүрүшүндө көтөрүлгөн жана каралган маселелер Кыргызстан үчүн да актуалдуу болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий