• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Жамийла” спектаклинин бет ачары тууралуу: Түркиянын шаарларында гана эмес Непалда да көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 26.03.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. 29-мартта Бишкектеги “Фрунзе” ресторанында Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестинин негизинде коюла турган спектаклдин бет ачары болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында оюндун продюсери, белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, ал алып барган Вячеслав Зайцевдин Парижде өткөн мааракелик көргөзмөсүнүн жүрүшүндө, мода сүйүүчүлөрү Кыргызстандын эң бир чоң чыныгы бренди бар, ал улуу жазуучу Чыңгыз Айматов экендигин айтышкан. Ал билдиргендей, француз акыны Луи Арагон Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести “сүйүүнүн туу чокусу” деп чыгармага жогорку баасын берген.

“Францияда “Жамийла” повести абдан белгилүү, Вячеслав Зайцевдин мода көрсөтүүсүн алып кечээ гана Парижден келдим, иш-чарага Пьер Карден да катышты. Зайцевдин 80 жылдык мааракесинин алкагында мен алардан маек алып жатканда, мода сүйүүчүлөрү Кыргызстандын Чыңгыз Айтматов деген чыныгы бренди бар экендигин билдиришти. Бул адамдын ысымы менен тыгыз байланышкан инсан, замандаш катары абдан маанилүү. Анткени менин атам Горький атындагы адабий институтунда Чыңгыз Төрөкулович менен окуган. Белгилүү инсан менен болгон ар бир байланышка мен аяр мамиле кылам”,-деп билдирди Молдокматова.

Молдокматова билдиргендей, спектакль жер жүзүндөгү эң бир ыйык сезим болгон – сүйүүнү чагылдырып берет. Анын айтымында, “Жамийла” белгилүү бир деңгээлде өз сезимдерин коргой алган аял.

“Биздин заманда албетте эле чыныгы сүйүү жетишсиз. Спектаклди режиссер Талант Апыев сахнага алып чыгууну өз жоопкерчилигине алгандыгына кубанып жатам. Ал бул спектаклде чыгармачыл ойду абдан сонун кылып жеткирүүдө. Анткени сахнага болгону үч каарман чыгат”,-деди ал.

Ал билдиргендей, Айтматовдун повестин КР эл артисти Назира Мамбетованын жардамы менен сахналаштырууну чечкен. Анткени ал долбоордун демилгечиси болуп саналат.

“Ал ушундай долбоорду сахнага коюуну ойлонуп жаткандыгын билдирди. Анын каражаты жана ишке ашыруу системасы жок болчу. Ал өзүнүн аз айлык маянасына Оштон режиссер чакыра баштаган. Өзүңүздөр билгендей, мен биздин чыгармачыл адамдардын кызыкчылыгын коргоп келем. Анын ичинде Назира Мамбетованыкын дагы. Ал бул долбоорго кирише баштаганда, мен макул болдум. Аны өлкөбүздөгү бир да театр кабыл албай, репертуарга киргизишкен эмес. Мен өз кезегинде бул долбоорго тең продюсер болуп, мыкты деңгээлде жасайм деп билдирдим”,-деди ал.

Аталган долбоордун демилгечиси, КР эл артисти Назира Мамбетова билдиргендей, бүгүн артисттер спектаклди Маданият минисрлигинин алдындагы эксперттик топко көрсөтүшөт.

“Бүгүн биз спектаклди эксперттик комиссияга көрсөтөбүз, 29-мартта болсо көрүүчүлөргө тартуулайбыз. Алар эмне деп айтышат деп кабатыр болуп жатам, анткени бул белгилүү чыгарма. Биз болгону үчөөбүз гана, ошол үчөөбүз режиссердун жардамы менен ошо мезгилдеги сүйүү эмне экендигин айткыбыз келет. Музыкасын белгилүү композитор Мурат Бегалиев жазып берди. Биз спектаклды коюу үчүн жазуучунун үй-бүлөсүнөн уруксат алдык”,-деди ал.

Молдокматова билдиргендей, Түркияга болгон сапардын алкагында ал Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдогандын биринчи кеңешчиси – Ялчын Топчу мырза менен жолугушуп, “Жамийла” спектаклин Түркиянын бир нече шаарында көрсөтүү боюнча макулдашкан.

“Спектакль Түркиянын бир нече шаарында көрсөтүлөт. Парижге чейин мен миллиардер Бинуд Чаудхари мырза менен кезиктим. Биз аны менен спектакль Непалда да көрсөтүлөт деп макулдаштык. Айта кетүүчү жагдай, 2 актердук курам даярдалды. Биринчиси Түркияга кеткенде, экинчиси Непалга барат. Учурда мен Азербайжан жана бүтүндөй Борбор Азия өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам. Спектаклдын келечеги кең. Бүгүн Билим берүү министри менен жолугам. Спектакль мен тайм-менеджмент, мотивациялык тренингдерди өткөрүп жүргөн ири мамлекеттик мекемелерде коюлсун деп макулдашайын деп жатам”,-деди ал.

Ошондой эле Молдокматова спектаклдын бет ачарына чет элдик жылдыздар чакырылганын кошумчалады.

“Мен драма искусствосундагы чет элдик жылдыздардын баарын чакырдым. 350 адам катышат деп күтүлүүдө. Сатыкка болгону 10 билет коюлду. Бул долбоор коммерциялык багытта эмес. Сахнага болгон үч адам чыгат, Айнура Акылбекова, Руслан жана Санжар”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий