• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жамин Акималиев: Регионализм жана трайбализм менен күрөшүү боюнча президенттин позициясы туура

Коом 0

Бишкек, 04.05.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун түндүк-түштүк бөлүп жаргандарга карата көзөмөлдү күчөтүү жана чараларды көрүү зарылдыгы жөнүндө позициясы туура. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине академик Жамин Акималиев билдирди.

Академиктин айтымында, советтик мезгилде мындай бөлүнүү болгон эмес, анткен менен ошол кезде эле ушундай саясатты жүргүзүүгө аракет кылып келишкен, бирок партия катуу бөгөт коюп турган.

“Көз карандысыздыкк жетишкен соң, түндүк-түштүккө бөлүү саясатчылардын саясий куралына айланды. Ар бир саясатчы дайыма өз аймагына, өзүнүн туулган жерине тартат. Бирок мамлекеттик ишмер дайыма мамлекеттик деңгээлде ойлонушу керек. Бул өңүттөн алганда аймактарга бөлүүнү жайылтуу алар үчүн кечирилгис. Бүгүнкү күнү биз карапайым калктын арасында урууларга, айылдарга жана башка бөлүүлөрдү көрүп жатабыз. Бирок биз чакан эл экенибизди эске алганда мунун акыры жакшылыкка алып келбейт”, - деди Ж.Акималиев.

Трайбализмдин көрүнүштөрү көбөйө баштагынына байланыштуу Акималиев бул маселени парламентте талкуулап, депутаттар тиешелүү чараларды көрүүлөрү керек деп эсептейт. “Ири тойлорду өткөрүүнү кыскартууну сунуштап жатышат, бирок дүркүрөп өткөргөн тойлорго караганда бул маселе курч турат. Буга байланыштуу бөлүнүүгө бөгөт койгон тиешелүү мыйзамдарды кабыл алуу керек. Бул өңүттөн алганда президенттин позициясы туура жана ар бир жаран, анын ичинде мен дагы аны колдоошубуз керек”, - деп жыйынтыктады Ж.Акималиев.

Пикир

Оставить комментарий