• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жамин Акималиев: Россия чек ара жаңжалы боюнча өзүнүн позициясын так билдирди

Коом 0

Сочиде өткөн Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жолугушуусу аймактагы азыркы оор шартта тарыхый болуп калды. Мундай пикрин академик, легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Акималиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон чыр-чатактан кийин Борбор Азиядагы абал кескин начарлады.

“Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин Россиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Москадагы Жеңиш парадында жолугушуусу Бишкектин Кыргызстан менен Россиядын ортосундагы стратегиялык мамилелердин ишенимдүүлүгүн чагылдырууга мүмкүнчүлүк берди. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чырында Москва Тажикстан тарапта болду деген пикирлер айтылды, бул өз кезегинде Кыргызстанды Евразиялык интеграцияга карай өнүкгүүсүнүн тандалган тышкы саясий курсуна болгон ишенимди бир топ жоготту. Башкача айтканда, мында Бишкекте туура эле түшүнбөөчүлүк болду. Бирок, кооптонуу текке кетти, анткени Жапаров менен Путиндин жолугушуусунун демилгечиси россия тарап болгон. Буга чейин Москвада жолугушуу сунушталган, кийин Сочиде жолукмай болушту”,-деди Акималиев.

Андан ары мектеш Россия чек ара жаңжалы боюнча өзунүн көз карашын так билдирди жана аны жөнгө салууга даяр экенин билдирди деп белгиледи. “Россиянын президенти Путин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди жана тараптарды маселелерди дипломатия жолу менен гана чечүүгө чакырды. Мындан тышкары, жолугушуунун жыйынтыгынын расмий маалыматына таяна турган болсок Владимир Путин өлкөлөр ортосундагы талаш маселелерди чечүүгө даяр экенин билдирди. Ал арада биз тарап дагы жолугушууда өзүнүн суроолоруна жооп ала алды. Башкача айтканда, тараптар актуалдуу маселелерди бетме-бет отуруп талкуулашып, кыязы бул биздин өлкө үчүн өтө манилүү болгон өз ара түшүнүүгө келишти”,-деди Ж.Акималиев.

 «Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий