• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жамин Акималиев: Жээнбековдун Түркияга сапары муздап бара жаткан мамилелерди жандандырды

Коом 0

Бишкек, 10.04.18 /Кабар/. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Түркияга сапары чындыгында тарыхый окуя болуп саналат, анткени сапардын башкы максаты – солгундап кеткен эки жактуу мамилелерди жакшыртуу. Мындай оюн “Кабар” агенттигине академик Жамин Акималиев билдирди.

“Буга чейинки жетекчилик менен уланып келген карама-каршылыктардан кийин, президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга расмий сапары менен барып, аны өз кезегинде жогорку деңгээлде тосуп алышты. Мунун баары өлкөлөр алакаларын жакшыртууга кызыкдар экенин, себеби Түркия жана Кыргызстан боордош эл, ириде стратегиялык өнөктөштөр болуп саналат. Сапардын маанилүүлүгү жана жемиштүүлүгү тараптар бир катар маанилүү макулдашууларга жетишкенинде, алардын башкысы жарандарды социалдык камсыздоо”, - деп эсептейт Ж.Акималиев.

Академик Түркия алгачкылардан болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныгандыгын баса белгиледи. “Түркия менен мамиле эгемендүүлүктүн башынан бери жакшы түзүлүп келе жаткан. Бул маанилүү. Алакалардын суушу биринчи кезекте элдерибиздин менталитетине да туура келбейт. Менимче, келечекте Жээнбеков жана Эрдоган эки жактуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгара алышат. Анткени Кыргызстан жана Түркия көп тармактарда кызматташат, өз ара кызыкчылыктар бар”, - деп жыйынтыктады академик Ж.Акималиев.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков расмий сапары менен Түркияда жүрөт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун эки күндүк расмий сапарынын биринчи күнүндө Анкарада Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр өттү.

Президенттер энергетика, транспорт, айыл чарба, саламаттык сактоо, парламенттер аралык кызматташуу, маданият жана билим берүү тармактарында эки жактуу кызматташуулардын аспектилерин, ошондой эле инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчылар тараптардын жылдык товар айлантууну 1 млрд долларга чейин жогорулатуу потенциалын баса белгилешти.

Бүгүн, 10-апрелде президент Жээнбеков Түркиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлери, ошондой эле премьер-министр Бинали Йылдырым жана Улуу улуттук жыйындын спикери Исмаил Кахраман менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий