• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖАМК өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды

Коом 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана оруктун катышуучуларына азык-түлүктөрдү жана гигиеналык буюмдарды таратышты. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ЖАМКнын төрагасынын орун басары Айбас Кадыров, ЖАМКнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Алибай Нишанбаев ардагерлердин үйлөрүндө болушуп, Юрий Крупин, Надежда Мадраимова, Джабдат Ялышев, Рая Осмонованы келе жаткан Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, бекем ден соолук каалашты.

“Ардагерлердин улуусу Юрий Крупин 96 жашта экен. Азыр да ден-соолугу чымыр ардагер учурда Октябрь райондук ардагерлер кеңешин жетектейт. Ал энеси менен 15 жашында украиналык Никополь шаарын немистер курчоого алган кезде качып чыккан. Алардын колоннасы душмандын учактары тарабынан атылганына карабай Кудайдын буйругу менен тирүү калып, энеси менен Ферганага келишкен, ал жерде мурда эвакуацияланган туугандары болгон.

Ал 1944-жылы майданга даярдалып жаткан резервдик жөө аскер полкуна дайындалган. Согушта көпчүлүгү Кавказда авиацияда болгон. Кийин Фрунзе шаарына жөнөтүлүп, 1945-жылга чейин радио самолётторунда инженерия боюнча билим алган.

Согуштан кийин Юрий Борисович Фрунзе шаарында жашап калган. Азыр Атайын сыйлыктардын катарына "Кавказды коргогону үчүн", "Аскердик сиңирген эмгеги үчүн", "Германияны жеңгендиги үчүн" ордени, Аскердик сиңирген эмгеги үчүн жана Жуков медалы менен сыйланган. Согуштан кийин ал армияда калып, 28 жыл кызмат өтөгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий