• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖАМК: Коронавируска шектелген кызматкердин анализи терс чыкты

Коом 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Бишкектеги №1 СИЗОдо кызматкерлердин бири коронавирустук инфекция жуктуруп алды делип ЖМКда жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт, - деп билдирет Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, “Кактус медиа” сайтында №1 СИЗОдо кызматкерлердин бири коронавирустук инфекция жуктурган деген маалымат чыккан.

"Өкмөттүн ыкчам штабынын 8-апрелдеги "Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча чаралар жөнүндө" буйругунун негизинде, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте 4-майда COVID-19 илдетин эрте аныктоо максатында Бишкектеги №1 тергөө изоляторунда ыкчам текшерүү жүргүзүп, кызматкерлердин бири вируска шектүү экендиги аныкталды. Бирок, 5-майда кайрадан алынган ПЦР анализдин жыйынтыгы трес болуп чыккан. Ошого карабай, кызматкер менен байланышкан адамдардан жана №1 СИЗОнун бардык кызматкерлеринен, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн анализдер алынган, жыйынтыгы терс болуп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

ЖАМКтын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, коронавируска шектелген кызматкер медициналык көзөмөл астында өзүнчө изоляциядан өтүүдө.

Планга ылайык, бүгүн, 7-майда Бишкектеги №47 мекеменин кызматкерлери коронавируска текшерүүдөн өтүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-майга карата коронавирус жуктурган 24 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ке жетти. Алардын ичинен 637 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий