• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖАМК: Кыргызстандын түрмөлөрүндө дары жана медициналык кызматкерлер жетишсиз

Коом 0

Бишкек, 05.07.18 /Кабар/. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында 2 миллион 229 миң 744 сомго дары-дармек сатып алынган. Бул түрмөдөгүлөрдүн баарына жетишсиз. Мындай маалыматты Кыргызстандын кылмыш-аткаруу системасын реформалоо боюнча Координациялык кеңештин отурумунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык башкармалыгынын башчысынын орун басары Айнура Сыргатаева билдирди.

Анын айтымында, ЖАМКнын бюджети камактагылардын бардык муктаждыктарын жаба албайт.

“Жабдуу үчүн стандарттык тизме жок жана биринчи кезекте зарыл болгон дарылардын тизмеси улуттук деңгээлде иштелип чыга элек. Түрмөдөгүлөрдүн үй-бүлөсү жана туугандары аларга дарыгерлер айткан дарыларды сатып беришет. ЖАМК үчүн дары-дармектер 2012-жылы бекитилген маанилүү дары каражаттарынын тизмесине ылайык сатып алынат”, - деди Сыргатаева.

А.Сыргатаева ЖАМК менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосунда дарыгер-адистерге багыттамаларды жөнгө салуучу юридикалык документ жок экендигин айтты.

“Мындан улам оорукана пенитенциардык системадан келген бейтаптарды кабыл албай коюуга укугу бар. Камактагы администрация дагы дарыгерлерге багыттамаларды чектеп коюуга укуктуу. Андан сырткары Саламаттыкты сактоо министрлигинин имараттарында камакта отургандар үчүн атайын палаталар жок", - деди ал.

Ал белгилегендей, кээ бир мекемелер жарандык сектордун мекемелери менен иш алып барышат. Мисалга алсак, №2 мекеме Чүй облустук ооруканасы менен, №47 мекеме №4 шаардык клиникалык оорукана менен, №8 жана 16 Беловодское айылындагы аймактык оорукана менен иштешет.

Отурумга ЖАМКнын төрагасы Талайбек Жапаров, ОБСЕнин Бишкектеги програмдык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс, министрликтердин, эл аралык, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий