• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ЖАМК: Ош-Бишкек жолундагы кырсыктан конвоир жана камактагылар жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.17. /Кабар/. Ош-Бишкек унаа жолунда камакталарды ташуучу унаа жол кырсыгына кабылып, конвоир жана эркинен ажыратылгандар жабыркады. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Бүгүн эртең менен Ош – Бишкек унаа жолунда Оштон шаарга келе жаткан ЖАМКтын унаасы жол кырсыгына кабылган. Кырсык учурунда конвоир жана камактагылардын экөө жабыркаган”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий