• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ЖАМК: Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 абакка которулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 абакка которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-апрелде ЖАМКтын атайын комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп, жаза өтөө жерин аныктоо маселеси боюнча 86 эркинен ажыратылгандардын материалдары каралган.

Анын ичинде Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Салайдин Авазовдун жазаны өтөө жери каралган.

Атайын комиссиянын чечими менен Сапар Исаков №8, Жантөрө Сатыбалдиев №47 жана Салайдин Авазов №27 абагына которулмай болгон.

"Бүгүн Петровка айылындагы №8 абакка башка соттолгондор менен бирге Сапар Исаков жөнөтүлдү. Салайдин Авазов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулду. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек шаарындагы №47 абакка которулуусу күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий