• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖАМК: Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Салайдин Авазовдун жаза өтөө жайлары аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) атайын комиссиясынын ушул жылдын 22-апрелиндеги чечими менен соттолуучулар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Салайдин Авазовдун жаза өтөө жайлары аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын комиссиянын курамына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын коомдук кеңешинин өкүлү кирет. Соттолгондорду бөлүштүрүүдө атайын прокуратуранын өкүлү дагы катышат.

Ал эми ЖАМКтын төрагасы жана башка адамдар атайын комиссиясынын ишине кийлигишүүгө укуксуз.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-пунктуна ылайык, шериктештик кылмышын жасаган соттолгондор жазаны өтөө үчүн ар кайсы жерде эркиндигинен ажыратуу жазасын өтөөгө жөнөтүлөт. Ага ылайык, учурда Сапар Исаков №8 жалпы режимдеги мекемеде, Жантөрө Сатыбалдиев № 47 жалпы режимдеги мекемеде жана Салайдин Авазов № 27 жалпы режимдеги мекемеде карантинде.

Карантин - бул жаңы келген соттолгондор 14 күн туруучу өзүнчө бөлмө, анда медициналык кызматкерлер, психологдор жана мекеменин башка кызматкерлери иштешет, ошондой эле аларды дарыгерлер көзөмөлдөп, андан кийин участкаларга жөнөтүлөт. Адвокаттар карантин аяктаганда камактагылар менен жолугуша алышат.

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 19-беренесине ылайык, өзгөчө контингенттин көпчүлүгү соттолгондордун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилген учурда, жеке коопсуздукка укуктуу. Сапар Исаков жана башка соттолгондор колония башчысына анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу үчүн арыз менен кайрыла алышат.

Бирок, бүгүнкү күнгө чейин жаңы келген соттолгондордун, анын ичинде С.Исаковдун, Ж.Сатыбалдиевдин жана С.Авазовдун жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эч кандай өтүнүчү болгон жок. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен жеке сүйлөшүү учурунда Сапар Исаков Замир Жоошев менен жолугушууну жана сүйлөшүүнү каалабагандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий