• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ЖАМК "Соттолгондордун борбордук маалымат базасы" жаңы маалыматтык тутумун сунуштады

Коом 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын автоматташкан маалымат тутуму менен Укук бузуулардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташкан маалымат тутумунун катуушундагы "Камалгандардын борбордук маалымат базасы" маалыматтык тутумун түзүү боюнча интеграциялык презентация болуп өттү. Ага Генералдык прокуратуранын, Жогорку соттун атайын өкүлдөрү катышып, актуалдуу маселелер ирээти менен каралып, айрым жагдайлар кызуу талкууланды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-ноябрындагы буйругуна ылайык, сот тутумунда укуктук реформаны ишке ашыруунун алкагында кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташкан маалымат тутумун андан ары ишке ашыруу боюнча иш-чараларга республикалык бюджеттен максаттуу финансылык ресурстар бөлүнгөн.

Анын эсебинен:

- "Камалгандардын борбордук маалымат базасы" маалыматтык тутуму иштелип чыкты. («Адилет сот» маалыматтык технологиялар бөлүмү менен маалымат базасын иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюлуп, келишим аткарылган),

- "Камактагылардын борбордук маалымат базасы" маалыматтык тутумун түзүү, автоматташтыруу жана модернизациялоо, локалдык жана сервердик жабдууларды тейлөө кызматтарын сатып алуу жүзөгө ашырылды,

- Интернеттеги сот отурумдары жана алыскы сурактар үчүн видеоконференция тутумун сатып алуу иштери уюштурулду.

"Санариптик Кыргызстан 2019-2023" Концепциясын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы буйругуна ылайык, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 2020-жылы модернизациялоону жана жаңы функцияларды ишке ашырууга 11 млн сом өлчөмүндө максаттуу каражаттарды берген.

Бул каражаттар "Укук" мамлекеттик ишканасына бөлүнүп берилген, анткени Кыргыз өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы буйругуна ылайык, бардык мамлекеттик органдар үчүн санариптештирүү тапшырмаларын аткарууга "Укук" мамлекеттик ишканасы жооптуу деп табылган.

“Камалгандардын борбордук ммадымат базасын” түзүү бүгүнкү күндө эң зарыл маселелердин бири. Коомдук тартипти көзөмөлдөөдө, мамлекеттин коопсуздугун сактоодо, жарандардын укуктарынын корголушуна чоң салым кошот. Ошол эле убакта сот жообуна тартылган адамдардын жарандык укуктук нормаларынын сакталышына чоң өбөлгө болот.

Пикир

Оставить комментарий