• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖАМК: Соттун чечимине макул эместигин айткан №1 тергөө абагында отурган киши оозун тигип алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Соттун чечимине макул эместигин айткан №1 тергөө абагында отурган киши оозун тигип алган. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖАМКнын №1 тергөө абагында отурган соттолуучу Б.И.В. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 273-268-беренелери менен 5 жылга эркинен ажыратылып, 300 миң сом айып пулун төлөөгө милдеттендирилген.

"Ал 2021-жылдын 11-мартында соттун чечимине макул эместигин айтып, ачкачылык жарыялаганын билдирип, Чүй облустук сотуна аппеляциялык арыз жазган", - деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы факты боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым интернет сайттар Бишкектеги №1 тергөө абагында отургандар жаңы жетекчи Марс Жусупбековдун келишине нааразы болуп ооздорун тигип алышты деп жазып чыгышкан. "Бул маалымат чындыкка дал келбейт", - деп кошумчалашты ЖАМКтын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий