• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖАМКга дезинфекциялоочу каражаттар жана дары-дармектер берилди

Коом 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-декабрда “Сорос-Кыргызстан” фонду Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) медициналык багыттагы буюмдарды, дезинфекциялоочу каражаттарды жана дары-дармектерди берди. Бул тууралуу ЖАМКдан билдиришти.

Тапшыруу аземине ЖАМК төрагасынын орун басары Рахат Жапаров, Сорос-Кыргызстан” фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов, Коомдук саламаттык сактоо программасынын директору Айбек Муканбетов катышып, өз ара кызматташуу маселеси талкууланды.

Аталган иш-чара Кыргызстанда COVID-19га каршы туруунун жана КР өкмөтүнүн коронавирустук инфекцияга каршы аракеттенүү ишинин алкагында болуп, жалпы суммасы 5 492 600,00 сомду түздү.

Эске сала кетсек, “Сорос-Кыргызстан” фонду ЖАМКга август айында да 67 000 долларга медициналык каражаттарды берген.

Пикир

Оставить комментарий