• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖАМКнын Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинде согуштун ардагери менен жолугушуу болду

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Улуу Жеңиш күнүнүн алдында Юстиция министрлигинин ЖАМКнын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Касатых Валентина Андреевна менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Валентина Андреевна өзүнүн өмүр баянын, согуштун учурунда башынан өткөргөн окуяларын айтып, тажрыйбасын бөлүшүп, баалуу кеңештерди жана нускамаларды берди.

ЖАМКнын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинде начальниги полковник Бердикожоев Улан Эмильбекович ардагерди совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады жана ага эстелик белектери тапшырып, ийгиликтерди, чың ден-соолук, бакубат өмүр сүрүүнү каалады.

Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин өздүк курамы Касатых Валентина Андреевнаны, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады.

Маалымат үчүн: Улук прапорщик Касатых Валентина Андреевна, 15.05.1927-ж.т., Новосибирск облусу боюнча Түзөтүүчү эмгек лагерлери жана колониялары башкармасынын (УИТЛК) аскерлештирилген аткычтар күзөтүнүн сакчысы – 1943-жылдын декабры; Кыргыз ССР ИИМинин УМЗ 6507 а/б күзөтчүсү - 1958-жылдын сентябры; 7412 а/б улук контролеру - 1960-жылдын майы; взводдун командиринин орун басары - улук контролер - 1970-жылдын августу; 7412 а/б 5-ротасынын контролерлор взводунун командири - 1974-жылдын октябры. 1980-жылы жаш курагы боюнча бошотулган. 31 жыл иштеген.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Ленин райондук Согуш ардагерлери кеңешинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий