• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖАМКнын өздүк курамы 30-декабрдан тартып күчөтүлгөн режимде иштейт

Коом 0

Бишкек, 25.12.17. /Кабар/. 2017-жылдын 30-декабрынан тарта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жаңы жыл майрамын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде күчөтүү коомдук тартипти камсыздоо, мыйзамдуулукту сактоо, өзгөчө кырдаалдарга жол бербөө жана ЖАМК бөлүктөрүндө туруктуу абалды сактоо максатында киргизилүүдө.

Бул мезгилде ЖАМК мекемелеринин өткөрмө пункттарында көзөмөл күчөтүлөт.

Кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режими 2018-жылдын 5-январына саат 09:00гө чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий