• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ЖАМКтын башчысы Мелис Турганбаев парламенттик шайлоого катышууну пландап жатат

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчиси Мелис Турганбаев алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышууну пландап жатат. Бул маалыматты ал өзү «Кабар» агенттигине тастыктады.

Ал шайлоого «Замандаш» партиясы менен бирге барууну пландап жаткандыгын айтты.

«Бүгүн партиянын съезди өтүп, анда так чечим кабыл алынат. Мен азырынча пландап гана жатам», - деди ал.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий