• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жамсран: Кыргызстан аялдардын укугу маселесинде жетишкендиктери боюнча эл аралык картага түшкөн БАдагы жалгыз өлкө

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Жергиликтүү кеңештерге акыркы шайлоонун жыйынтыгынын аркасында Кыргызстан өзүнүн эгемендигинин тарыхында биринчи жолу аялдардын укуктары маселесиндеги жетишкендиктери боюнча эл аралык картага түштү. Бул тууралуу “Депутат-аялдар – күчтүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” темасында Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдун жүрүшүндө “БУУ-аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран билдирди.

Ал Кыргызстан аталган эл аралык картага түшкөн Борбор Азиядагы азырынча жалгыз өлкө экенин белгиледи.

“Демек, бул өлкөнүн түрдүү тармактардагы көйгөйлөргө карабай бардык саясий жана экономикалык маселелердин өзөгү болгон жакырчылык, зордук-зомбулук, теңсиздик маселелерин өтө тездик менен чечүүгө реалдуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирет. Ошондой эле бул деген көп жылдардан бери топтолуп келген көйгөйлөрдүн чындап чечилишине мүмкүндүк бар экенинен кабар берип, улуттун саламаттыгы маселеси эң жогорку деңгээлде чечилет, билим берүү, эне-баланы коргоо, укугу бузулган адамдардын укугун коргоо маселеси чоң ийгиликке жетиши мүмкүн дегендик. Бул бүтүндөй өлкө үчүн жетишкендик”,-деди ал.

Жамсран дүйнөлүк коомчулук Кыргызстандын тажрыйбасын үйрөнүшү керектигин: мындай натыйжага кандайча жетишилгендигин жана аны кантип колдоп, бекемдей тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий