• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖАМУда Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча ресурстук борбор ачылууда

Аймак 0

Бишкек, 24-май /Кабар/. 2017-жылдын 25-майында 10:00до Жалал-Абад мамлекеттик университетинде (ЖАМУ) Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча ресурстук борборунун ачылыш аземи болот. Бул тууралуу

Борбордун максаты жарандык коом уюмдарын башкаруу боюнча суроолорго маалыматтык жана консультативдик көмөк көрсөтүү. Андан тышкары, борбор мейман лекцияларын, конференцияларды жана ар кыл темада талкууларды өткөзүү платформасы катары кызмат кылат. Ачылыш аземи Жалал-Абад мамлекеттик университетинде төмөнкү даректе өтөт: Манас көчөсү 80, “Спутник” кичи району, Жалал-Абад шаары.

Бешинчи ресурстук борбор Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча окутуучулардын ассоциациясы тарабынан, USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) колдоосу менен ачылып жатат.

Ачылыш аземине Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кенешбек Усенов, окутуучулар жана студенттер, Билим берүү жана илим министрлигинин, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик мекемелеринин, АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID), ошондой эле жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышат.

Буга чейин, ушул сыяктуу борборлор Баткен, Ош, Нарын жана Бишкек шаарларындагы университеттерде ачылган. Аталган борборлордо 70тен ашык мейман лекциялары, 12 кесиптик өнүгүү семинарлары өтүп, коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча беш курстун жумуш программасы иштелип чыккан.

Биргелешип башкаруу программасы жарандык коомдун, менчик сектордун жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланып, Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Кошумча маалымат алуу үчүн ББПнын сайты: http://www.ewmi-cgp.org/kg/ жана Фейсбук баракчасы:https://www.facebook.com/collaborative.governance.program/

Пикир

Оставить комментарий