• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖАМУга Бекмамат Осмоновдун ысымы берилет

Аймак 0

Бишкек, 21.12.17 /Кабар/. Бүгүн 8-чи чакырылыштагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясында Жалал-Абад мамлекеттик университетине Кыргызстандагы белгилүү коомдук, саясий ишмер, Жалал-Абад областынын мурдагы жетекчиси Бекмамат Осмоновдун ысымын ыйгарууга макулдук берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Сессияга келген шаардык кеңештин 23 депутаты Жалал-Абад мамлекеттик университетинен түшкөн сунушу карап, талкуулап, бир добуштан колдоду.

Буга чейин 2017-жылдын 6-мартында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулар жана студенттер жамааты областтык жана шаардык маанидеги ардагерлер кеңештеринин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен чоң жыйын өткөрүп, окуу жайга Бекмамат Осмоновдун ысымын берүү маселесин талкууланган жана оң чечим кабыл алган.

Тилекке каршы, быйылкы жылы саясий партиялардын ортосундагы саясий консесустун жоктугунан шаардык кеңеш өз убагында ишин баштай албай, бул маселени шаардык деңгээлде кароо кечигип келген. Эми бүгүн бул маселеге чекит коюлду.

Мындан ары бул маселе Билим берүү жана илим министрлигинде жана Өкмөттүк деңгээлде каралат.

Эскерте кетсек, Бекмамат Осмонов илгерки союз мезгилинде чарбалык-партиялык кызматтарды аркалап келген. Чарбада адистиктен баштап жетекчиге чейин, кийин райондун, областтын жетекчиси болуп иштеген. Бир нече жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп, 1991-жылы августта “легендарлуу” парламенттин курамында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык жөнүндөгү декларациясын кабыл алууну сунуштоочулардан болгон.

Ал 1991-жылы жаңыдан түзүлгөн Жалал-Абад областын башкарып турган кезде областтын социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүнө бараандуу кызмат кылган. Ал көптөгөн мыкты кадрларды даярдап, алар азыркы кезде өлкөнүн ар кайсы тармактарында үзүрлүү иштеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий