• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖАМУну бүтүргөн 82 студент жасалма документ менен диплом алганы аныкталды

Билим 0

Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад мамлекеттик университетин бүтүргөн 82 студент жасалма документтер аркылуу диплом алганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан ЖАМУга текшерүү жүргүзүлүп, КР өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Кыргызстандын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө” жобонунун талаптары бузулуусуна жол берилгендиги аныкталган.

Тактап айтканда, ЖАМУнун педогогикалык багыты боюнча бюджеттик (гранттык) группаларды аяктаган 82 бүтүрүүчү Жалал-Абад облусунун аймагындагы райондордо орто билим берүү мектептеринде 2 жана 3 жыл иштешкендиги тууралуу жалган буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшырышып, жогорку окуу жайды бүткөндүгү тууралуу дипломдорду алып кетишкен.

Дипломдорду алууга негиз болгон буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн текшерүүдө, Жалал-Абад областынын райондорундагы билим берүү бөлүмдөрү тарабынан жогорудагы 82 бүтүрүүчү орто мектептерде иштебегендиги жана аларга айлык маяна чегерилбегендиги аныкталган.

Башкача айтканда, Жалал-Абад областынын аймагындагы айрым мектептердин директорлору өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, мектептерде иштебеген 82 бүтүрүүчүлөргө жасалма буйрук, тактама жана эмгек китепчелерине жалган маалыматтарды киргизишкен.

Алардын жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 8 581 819 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий