• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖАМУнун беш студенти ОШМУдан билим алышат

Билим 0

Бишкек, 26.01.18 /Кабар/. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 5 студенти академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде кошумча билим алуу максатында “Ош декларациясы” жана университеттер ортосундагы эки тараптуу келишимдердин алкагында Ош мамлекеттик университетине бир семестр окуп келүү үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош мамлекеттик университетинде 2016-жылдын 20-21-май күндөрү Тарых жана маданият жылына арналган Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу республикалык ЖОЖдор аралык студенттердин достугу үчүн фестивалы уюшулган. Фестивалдын экинчи күнү 21-майда республикабыздын жети дубанында жайгашкан ЖАМУ, ОшМУ, ОГПИ, С. Нааматов атындагы ТМУ, К. Тыныстанов атындагы ЫМУ, НМУ жана Баткен мамлекеттик университетинин ректорлору университеттер аралык ички мобилдүүлүктү чыңдаган “Ош декларациясына” кол коюшкан.

Декларацияда университеттер аралык педагогикалык тажрыйба алмашуу, студенттерди алмашып билим берүү, жаш окумуштууларды башка ЖОЖдун өрнөктүү профессорлорунун сабактарына катыштыруу, профессорлорду бири-бирине алмашуу менен конференция, симпозиумдарды, онлайн-лекция, видео-конференцияларды уюштуруу сыяктуу ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, биргелешип эл аралык ири долбоорлорду ишке ашыруу, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү иштери камтылган.

Жалал-Абад мамлекеттик университети да ушул багытта жигердүү иштерди жүргүзүп, окуу, илимий, маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу менен башка окуу жайлардагы жүргүзүлгөн иштерге катышууда.

Белгилей кетсек, 2016-жылы Ош мамлекеттик университетинде болсо, 2017-жылы студенттер жана окуу жайдын кызматкерлери К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде болушкан. Ал эми быйыл ОГПИнин гуманитардык-педагогикалык институтунун уюштуруусу күтүлүүдө.

Ал эми академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде окууга жөнөп жаткан студенттерди ЖАМУнун окуу-иштери боюнча проректору Атабек Алибаев кабыл алып, академиялык мобилдүүлүк боюнча жасалып жаткан иштер жана алдыдагы максаттар менен ой бөлүшүп, билимге ынтызар прогрессивдүү студенттерге ак жол тилеп, окууларына ийгилик каалады. Алдыда дагы аталган программанын негизинде үлкөн иштер турмушка ашырыларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий