• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаналиев мык менен жиптен Монголиянын президентинин сүрөтүн тартты

Коом 0

Бишкек, 3-август /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев жип менен мыктан Монголиянын жаңы президенти Халтмаагийна Баттулганын сүрөтүн тартты. Стринг-арт техникасы менен тартылган бул сүрөттү Азамат эки элдин ортосундагы достук мамилесине арнаган. Бул тууралуу ал өзүнүн "Фейсбук" социалдык баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул эмгеги менен ал президенттин жеңишин куттуктаган. “Сүрөт даяр болуп калды. Болгону аны Монголиянын президентине тапшыруу иши калды”,-дейт Жаналиев.

Буга чейин Азамат Жаналиев, Чынгыз Айтматовдун, Ахмат-Хаджи Кадыровдун, Владимир Путиндин, Петр I жана Бириккен Араб Эмираттарынын шейхинин эксклюзивдүү сүрөттөрүн жараткан.

Пикир

Оставить комментарий