• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жангороз Каниметов "Ала-Тоо" университетинин ректору болуп дайындалды

Билим 0

Бишкек, 1-апрель /Кабар/. “Сапат” билим берүү борбору менен КР Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен чечими менен мурдагы “Ата-Түрк-Ала-Тоо” Кыргыз-түрк университети “Ала-Тоо” университети болуп өзгөртүлдү. Ал эми белгилүү коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор Жангороз Каниметов окуу жайдын ректору болуп дайындалды.

Буга чейин ал “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин профессору болуп келген.

“Ала-Тоо” университетинин негиздөөчүсү жакында “Сапат” билим берүү борбору болуп кайра түзүлгөн “Себат” Кыргыз-түрк билим берүү лицейлеринин мекемеси жана КР Билим берүү жана илим министрлиги болуп саналат.

Жаңы ректор “Ала-Тоо” университетинин жамаатына 31-мартта тааныштырылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине жаңы дайындалган ректор Ж.Каниметов өзү билдирди.

Маалымдама:
Жангороз Каниметов 1950-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 1971-жылы Пржевальский атындагы мамлекеттик педагогикалык институтун, азыркы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин аяктаган. 1999-жылы КМУУнун юридика факультетин аяктаган.

Педагогика илимдеринин доктору. Мамлекеттик сыйлыктардын ээси. КРнын эмгек сиңирген мугалими. КР ЖКнын бир нече жолку депутаты. “Ысык-Көл” коомдук фондунун негиздөөчүсү жана башкаруучусу болуп көп жылдары эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий