• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жансеитов бокс боюнча Казакстанда өткөн мелдеште күмүш утту

Спорт 0

Бишкек, 13.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Сыргак Жансеитов эл аралык бокс боюнча өткөрүлгөн мелдеште күмүш медаль утту. Мелдеш Казакстанда өтүп, казак бокс мектебинин негиздөөчүсү Шокыр Болтекулдун элесине арналган.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеш 4нөн 7-октябрь күндөрү Актау шаарындагы “Мангыстау арена” спорт комплексинде өткөн.

Иш-чаранын жыйынтыгында Сыргак Жансеитов (49кг чейинки салмакта) күмүш медаль утуп, “Жеңишке болгон эрк” үчүн медалы менен сыйланган. Адылбек уулу Эркин (81 кг чейин) коло медаль уткан. Үчүнчү спортчу Иктияр Шабданбаев (75 кг чейин) жарым финалга чыгуу үчүн күрөштө утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий