• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаныбарларды эмдөө мал жайытка чыгарылганга чейин аяктайт – КР Мамветинспекция

Коом 0


Бишкек, 18-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жаныбарларды эмдөө мал жайытка чыгарылганга чейин аяктайт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директорунун орун басары Аширбай Жусупов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын башынан бери үй жаныбарларынын эч кандай оорулары чыккан эмес. Өлкөдөгү эпизоотикалык кырдаал туруктуу. 9 илдет өтө жугуштуу болуп саналат, малды аларга каршы эмдөө убагында жүргүзүлүп жатат. Бул максаттарда 2017-жылы республикалык бюджеттен 130 млн сом бөлүнгөн. Бул багытта иштер жүргүзүлүүдө”, - деди А.Жусупов.

Ошондой эле, Мамветинспекция башчысынын орун басары эмдөө пландуу түрдө жана өз убагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи. “Малды жайытка айдап чыгарганга чейин ооруларды алдын алуу аяктайт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий