• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаныбек Жалалов өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 18.10.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Жаныбек Жалалов дайындалды. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун кол койду, - деп кабарлайт өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 17-октябрда өкүлчүлүктүн аппаратында жыйын өтүп, премьер-министрдин кеңешчиси Арзыбек Бурканов тарабынан облустун жаңы жетекчиси облус активдерине тааныштырылды.

Арзыбек Бурканов жаңы облус башчысын тааныштырып жатып, мындай чечим өлкөнүн кадр потенциалын жаңылоо жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы, жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынганын айтып өттү. Ал облустун мындан аркы өнүгүп-өсүүсүндө Ж. Жалаловго чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатканын белгиледи. Ал эми буга чейин кыйын кырдаал учурунда облусту жетектеп келген Алишер Абдрахмановго ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.

Алишер Абдрахманов кыйын кырдаал учурунда тыгыз иштешип, облустун ар тараптан өнүгүүсүнө салым кошуп, чогуу иштешкен жетекчилерге, өкүлчүлүктүн аппаратына ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек Жаныбек Жалалов буга чейин Баткен шаарынын мэри, өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси болуп жана ошондой эле Жогорку Кеңеште иштеген.

Пикир

Оставить комментарий