• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаныбеков 2022-жылы айыл чарбасын колдоого канча каражат жумшалганын айтты

Экономика 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 2022-жылы айыл чарбасын колдоого канча каражат жумшалганын айтып берди.

Жаныбеков мамлекет тарабынан чоң колдоо болуп жатканын белгиледи.

"Быйылкыга 26 млрд 574 млн сом каралып, иш жүзүндө 14 млрд 670 млн сом бөлүндү. Бүгүнкү күндө анын 12 млрд 746 млн сому өздөштүрүлдү, башкача айтканда, жалпы сумманын 48 пайызы", - деди министр.

Анын айтымында, үрөн сатып алууга бөлүнгөн 1 млрд 534 млн сомдун 1 млрд 34 млн сому сарпталган.

"Ошондой эле жер семирткичтерди сатып алууга бөлүнгөн 975 млн сомдун 245 млн сому өздөштүрүлүп, 5 миң тонна аммиак селитрасын сатып алдык. Калган акчанын баары бюджетке кайтарылды", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий