• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жанын кыйган 22 жаштагы жоокер боюнча өндүрүш иши башталды

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Бишкекте ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматынын 22 жаштагы жоокери асынып алган.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Бишкекте ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматынын №702 бөлүгүндө Бексултан Адилбек уулунун өлүмү боюнча аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында окуя болгон жер жана жоокер Адилбек уулунун сөөгү каралып, соттук-медициналык, соттук-химиялык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды.

Маркумдун өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн аскер кызматкерлеринен сурак жүргүзүлүүдө. Тергөө ошондой эле аскер кызматкерлеринин ортосунда мүмкүн болгон үстөмдүк мамилелердин версияларын иштеп чыгып, анын ичинде жеке Б.Адилбек уулунун туугандарынын ЖМКларда айтылган жүйөөлөрүн текшерип жатат.

Пикир

Оставить комментарий