• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жапалак айыл аймагына караштуу алыскы айылдын инфраструктурасы жакшыртылат

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Жапалак айыл аймагына караштуу алыскы айылдын инфраструктурасы жакшыртылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардын кайрылууларынын негизинде жана Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун протоколдук тапшырмасына ылайык 1-июнда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев Жапалак айыл аймагына караштуу Чүрпө айылынын тургундарынын суроолору менен жеринде таанышты.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук транспорттор үчүн каттам линиясын ачуу, таштанды чыгаруу сигналдык системасын киргизүү, суу менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле айылга жаңы башчы дайындалды.

Жыйынтыгында муниципалдык биргелешип каржылоо программасынын алкагында суу менен камсыздоо системасын жүргүзүү, ошондой эле таштанды чыгарууда сигналдык системасын киргизүү бүтүмүнө келишти.

Пикир

Оставить комментарий