• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент: 1-августтан баштап мамлекеттик кызматкерлердин айлыктарын көтөрөбүз

Президент 0

Бишкек, 30.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 1-августунан баштап бардык тармактагы мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин трибунасынан сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин бир катар кесиптин ээлеринин эмгек акысы көтөрүлгөн.

"Салык чогултуу, бажы төлөмдөрүнөн кирешелерди көбөйтүү менен отуруп калбастан, “Кумтөр” маселесин жолго коюп, мыйзамдаштырып, жалпы бюджетибизге кошумча киреше булагын пайда кылдык. Анын негизинде коомчулуктагы эң үч кесиптин ээлеринин: мугалимдерибиз, дарыгерлерибиздин жана маданият кызматкерлерибиздин айлык акыларын эселеп көтөрүүгө жетиштик. Буга чейин да айттым эле, эми дагы баса белгилеп кетейин, калган тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын, Кудай буюрса, алдыдагы 1-августтан тарта көтөрөбүз деген конкреттүү пландарыбыз бар. Бардык тармактагы кызматкерлердин айлык акыларын 1-августтар тартып көтөрөбүз мугалимдердикиндей кылып", - деди өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий