• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндө жүздөгөн жарандар каза болуп, миңдеген адамдар жаракат алып, жабыркаган кайгылуу июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө толук маалымат берүү, ошондой эле мыйзамдуулукту жана объективдүүлүктү сактоо менен тиешелүү чечимдерди кабыл алуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий