• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жапаров адам өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу Болгариянын жана Түндүк Македониянын президенттерине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Болгария Республикасынын президенти Румен Радевге жана Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровскиге адамдардын, анын ичинде балдардын өмүрлөрүн алган кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы 2021-жылдын 23-ноябрында Болгарияда эртең менен эрте катталган жол кырсыгы тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи.

Кыргызстандын калкынын жана жеке өзүнүн атынан президент Садыр Жапаров чет элдик кесиптештерин каза болгондордун туугандары менен жакындарына алардын кайгысын тең бөлүшөрүн жана кайрат сөздөрүн, ал эми жабыркагандарга тезирээк сакайышын кааларын жеткирүүнү өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий