• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жапаров: Адилетсиз чечим чыгарган сот жана укук коргоо органдары толук жазаланышы керек

Президент 0

Бишкек, 16.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда, Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтүүдө.

Иш-чарага кеңештин мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөш мүчөлөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр жана башкалар катышууда.

“Ата мекендик же чет элдик инвесторлордун ар бир кайрылуусу өтө кылдаттык менен изилденүүсү тийиш. Рейдерлик басып алууларга күнөлүүлөр, билим туруп адилетсиз чечим чыгарган сот жана укук коргоо органдары мыйзам чегинде толук жазаланышы керек. Ошол эле учурда бизнес коомчулугу мамлекеттик жана муниципалдык органдар ак ниеттүүлүк, абийирдүүлүк принциптерин сактоо менен иштөөгө тийиш. Бири-бирин коргоо, пара берүү, көмүскө экономкага жол берилбеши керек”, - деди президент отурумда сүйлөп жатып.

Жапаров сот катардагы жарандардын кызыкчылыгы үчүн өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда ачык-айкындыкты максималдуу түрдө камсыздоосу зарыл экендигин белгиледи.

Эске салсак, кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциациясынын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү болуп саналат.

Бүгүнкү отурумдун алкагында өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштө ролу жана башкалар талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий