• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров: Адвокаттар сот адилеттигин жүргүзүүдө мыйзам менен адам укугунун үстөмдүгү деген принципти коргоонун негизи болуп саналат

Президент 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. «Адвокаттар сот адилеттигин жүргүзүүдө мыйзам менен адам укугунун үстөмдүгү деген принципти коргоонун бир негизи болуп эсептелет», - деп белгиледи бүгүн, 30-сентябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров адвокаттардын II съездинде сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы укук коргоо системасынын жана сот адилеттигинин натыйжалуу иштөөсү үчүн адвокаттар өздөрүнүн кесиптик милдеттерин көз карандысыз аткарышы, алардын ишине укук коргоо органдары жана башка таасирдүү жактар кийлигишпөөгө тийиш керектигин, ошондой эле алар өздөрүнүн кесиптик ишин аткарууда ар кандай кол салуулардан, куугунтуктоолордон мыйзамдар аркылуу жана иш жүзүндө корголушу шарт экенин өзгөчө белгиледи.

Аны менен бирге Садыр Жапаров, адвокаттарга кол салуу, басым жасоо болуп же жалпысынан укук коргоо органдарына көз каранды болсо, же соттор эркин жана калыс болбой, адвокатуранын эл аралык стандарттарда каралган функциялары сакталбаган, корголбогон учурларда адвокаттардын көз карандысыздыгына коркунуч келип, алар иш-милдеттерин аткара алышпасын кошумчалады.

«Кыргыз сот адилеттигинин тарыхында соттун таразасына түшүп калган адамдын тагдыры күтүүсүз кокустуктарга туш болгон мисалдар көп. Кыргыз соту жаргылчак сыяктуу, кокус ага түшсөң андан оңой менен чыга албайсың.

Мен ошол жаргылчактын кыйынчылыктарын бир нече жыл бою башымдан өткөргөн адам катары айтып жатам. Чынын айтайын, эгерде адвокаттардын жардамы болбосо, биринчи кезекте алардын моралдык колдоосу болбосо, сот иштеринде башка түшкөн кыйынчылыктардан чыга алмак эмесмин», - деп айтып берди Президент.

Мамлекет башчысы адам укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык укук адвокаттардын маанилүү ролун таануу менен бирге мамлекеттин белгилүү бир милдеттерин да белгилээрине токтолду. Мисалы, эркиндигинен ажыратылып, камакка алынган адамдарга адвокатты камсыз кылуу; адвокаты жок адамдарды көз карандысыз жана компетенттүү коргоочу менен камсыздоо, ал тургай айрым бир учурларда, акысыз таап берүүнү кепилдеген юридикалык жардамдарды түзүү; ошондой эле жазык сот өндүрүшүндө коргоочу менен айыптоочу тараптардын тең атаандаштыгына мүмкүндүк берүү милдеттери бар.

Ал үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде элибиз добуш берип кабыл алган Кыргызстандын жаңы Конституциясында эл аралык укуктун талаптары катары гана эмес, 64-беренеде адвокатуранын конституциялык-укуктук статусу түздөн-түз бекитилгенине көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий