• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жапаров Афганистандагы кырдаалга арналган ЖККУнун сессиясына катышат

Президент 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Афганистандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу талкууланат.

Сессия Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өтөт.

Иш-чарага Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась катышаары күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий