• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров Афганистандын аймагында жүргөн КР жарандарын эвакуациялоону тапшырды

Президент 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров КРнын Тышкы иштер министрлигине Афганистандын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын өз Мекенине тез арада эвакуациялоону тапшырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматка ылайык, ошондой эле мамлекет башчысы министрликке Афганистандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүүнү тапшырган.

Мындан тышкары, ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга аймактагы өлкөлөр менен биргеликте региондогу коопсуздукту бекемдөө жана камсыз кылуу боюнча ишти активдештирүү жана бул багыттагы иш-аракеттерди тыгыз координациялоо тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Афганистандагы кырдаалга көз салып турат.

Пикир

Оставить комментарий