• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапаров Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 13.05.21. /кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Афганистан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-афган эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Кыргыз-афган өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын өткөрүү жана башка маселелер жөнүндө сөз болду.

Тараптар ошондой эле күн тартибинде турган эл аралык жана аймактык маселелердин актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашты.

Садыр Жапаров менен Мохаммад Ашраф Гани бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташып, Кыргызстан менен Афганистан элдерине бардык жакшылыктарды каалашты.

Пикир

Оставить комментарий