• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров Ак үйдүн имаратын Жогорку Кеңештин балансына өткөрүп берүү чечимин кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ак үйдүн имаратын Жогорку Кеңештин балансына толук өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ак үйдүн айланасындагы тосмону алуу учурунда төрага Талант Мамытов билдирди.

Мамытовдун айтымында, Жапаров башка имаратта иштей турганын билдирген.

"Ак үйдүн имараты Жогорку Кеңештин балансына өткөрүлүп берилди", - дейт ал.

Төрага Ак үйдүн имаратын калыбына келтирүү иштери башталганын кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий