• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров “Ак-Ордо-3” конушунда техпаспорт маселесин майга чейин чечүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павлов айыл өкмөтүндөгү “Ак-Ордо-3” конушунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу жүрүшүндө жергиликтүү тургундар мамлекет башчысынын көңүлүн дээрлик 20 жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөргө бурушту. Алсак, мисалы, алар жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келишет, конушта мектеп, оорукана, бала бакчалар жок, ошондой эле жол жана көрүстөн маселелери курч.

Жапаров президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жашоочулар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү мүмкүн болушунча тез арада жөнгө салып, конуштагы тилкелерге ээлик кылууга укук берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү маселесин чечүүнү тапшырды.

“Майга чейин ээлик кылууга укук берүүчү документтери жана техпаспорту жок үй болбошу керек. Эгер анда болбосо, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматынан эле алынып тим болбой, өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы шалаакылыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат”, - деп билдирген Садыр Жапаров, конушту борборго кошуу маселеси жашоочулар бардык документтерин алгандан кийин чечилерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий