• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров: Ар бир облуста медакадемиянын студенттик шаарчалары курулат

Президент 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Ар бир облуста Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын студенттик шаарчалары курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салып жатып билдирди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулардын алдында сүйлөп жатып бул окуянын Баткен облусунда жашаган мекендештер үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Кыргызстандын бардык жеринде мындай комплекстерди куруу зарыл болуп турат. Кудай буюрса ар бир облусубуздун борборунда ушундай студенттик шаарчалар курулат. Облустарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртуу менен катар эле калкыбыздын саламаттыгына кам көрүшүбүз кажет. Мына ушундай максатты көздөп, эң жаш облус катары, Баткен облусунан баштап олтурабыз. Баарынан мурда аталган комплекстин максаты келечекте жергиликтүү элдин ден соолугуна кам көрүү жана кесипкөй адистерди даярдоо болуп саналат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий