• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жапаров: Артыман “капсуласын салган боюнча калып кетти” деген сөздөрдүн ээрчишин каалабайм

Президент 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Би-Би-Сиге курган маегинде коомчулуктун учурдагы актуалдуу суроолоруна жооп берген.

Маектеши өлкө аймагындагы курулуштун башталышына капсула салынганы менен аягына чыкпаган объектилердин видеолору тууралуу президентке суроо салган.

“Капсула салсак, ал курулуштарды аягына чыгарып жатабыз. Орто жолдо калып кетпейт. Президенттик ишмердүүлүгүмдө аймактарга болгон иш сапарымды былтыр Чүйдүн Мыкан айылынан баштап, ал жакта мектептин курулушуна символикалуу түрдө алгачкы кышты коюп бергем. Быйыл апрелде ачылышына катыштык. Былтыр Баткен облусунун Маргун айылында аскердик бөлүк баштаганбыз. Быйыл курулушу аяктап калды. Апрелдин аягында Бишкектин четиндеги “Рухий мурас” конушунда мектептин курулушуна капсула салдык. Бул Бишкекте салынып жаткан он беш мектептин бирөөсү. Буюрса, күзүндө он беш мектеп тең бүткөрүлүп, окуучуларды кабыл алат. Чолпон-Атадагы “Алтын-Балалыкты” 8 ай мурда баштаганбыз. 1-июнь күнү ачтык”, - деди ал.

Жапаров республикалык машстабдагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна старт берилгенин айтты.

“Бул ири долбооордун алгачкы агрегаты алдыдагы 3-4 жылда ишке кирет деп жатабыз. Сабырдуу болуп туруңуздар. Мен деле артыман “капсуласын салган боюнча калып кетти” деген сөздөрдүн ээрчишин каалабайм. Капсула салган имараттар четинен ачыла баштады. Бардыгы көзөмөлдө”, - деп белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий