• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапаров атаандаштарын өлкө тагдырын оң жолго салуу үчүн баарлашууга чакырды

Саясат 0

Бишкек, 11.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаров президенттик шайлоодогу атаандаштарын өлкө тагдырын оң жолго салуу үчүн баарлашууга чакырды.

Жапаров президенттикке талапкерлигин койгондор саясатта өздөрүнүн салмагы, кадыр-баркы жана тажрыйбалары бар экендигин айтты.

"Алар дагы эл урматына ээ болгон инсандар. Өлкөнүн өнүгүшүнө, аны кубаттуу мамлекетке айлантууга тилектери бар. Мен өзүмдүн атаандаштарымды дал ушул тилектери жана сапаттары үчүн сыйлайм. Президент катары толук кандуу ишке киришерим менен президенттикке талапкер болгондорду акыл калчап, өлкө тагдырын оң жолго салууга кеңешип, баарлашууга чакырам. Бири-бирибизге карата жалган-жалаа, ушак-айың айтуудан элдин турмушу жакшырып кетпейт. Бөлүнүп-жарылуудан эч нерсе утпайбыз. Азыр бизге ынтымак керек", - деди Жапаров.

Эскерте кетсек, 10-январдагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров алдыда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий