• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров бардык саясий күчтөрдү бириктирүүгө даяр экендигин билдирди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаров бардык саясий күчтөрдү бириктирүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу ал шайлоо аяктагандан кийин маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. Автоматтык эсептөө урналардын алдын ала маалыматы боюнча Садыр Жапаров 79,25% добуш менен сап башында келе жатат.

Анын айтуусуна караганда, ал өзүнүн атаандаштарына таарынбайт жана кек сактабайт. Тескерисинче бардык саясий күчтөрдү бириктирүүгө даяр.

«Мен жалпы шайлоочулардын 80% мага добуш берет деп күткөн эмесмин. Мен өлкө жыргалчылыгы үчүн иштейм. Досторумдун, айдоочуларымдын, туугандарымдын жана кеңешчилеримдин мамлекетти башкаруусуна жол бербейм", - деп баса белгиледи өз сөзүндө Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий