• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров Баткен коогалаңында курман болгондорду эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасады

Өкмөт 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Н.Жапаров Баткен коогалаңында курман болгондорду эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Кайрылуунун тексти толугу менен берилет:

Урматтуу мекендештер

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнөн кийинки соңку жаңы тарыхында 1999-2000-жылдардагы согуштук-саясий абал эстен кеткис күндөрдөн болгон. Бейкапар учурда эл аралык трансулуттук уюшкан террорчулук топ мамлекеттик чек араны бузуп өтүп, өлкөбүздүн коопсуздугуна коркунуч жараткан.

Бул окуялар бардык мамлекеттерде чек аранын бекемдиги – биринчи приоритет экендигин тастыктады, баарын сестентти.

Чек арадагы качкындарын мыйзамсыз миграциясы баңги заттарды, курал-жарактарды, стратегиялык чийки заттарды жана материалдарды жашыруун мыйзамсыз сатуу менен алектенген террористтик топтордун оңой жолуна айланган, ал түгүл өлкө аймагына легалдашууга жасаган аракеттери түрткү болгон.

Бул окуялар тээ алыскы жылдарда эмес, биздин күндөрдө болгон. Башкысы Кыргызстандын улуттук коопсуздук системасы террористтик агрессияга тезинен жооп кайтарууга жана алдын алууга даяр эмес болуп чыкты. Биз муну ачык эле айта алабыз. Бирок ошол күндөрү Кыргызстандын жигиттери аскерге чакырылууга өз ыктыярлары менен жазылышкан. Коомчулукта атуулдук сезимдер күч алган.

Эл аралык террорчу куралдуу түзүмдөр менен болгон согуштун жүрүшүндө, тилекке каршы, 53 адам каармандык менен курман болгон. Ошол эле мезгилде Куралдуу Күчтөрдүн 400дөн ашык аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын күжүрмөн медалдары жана сыйлыктары менен сыйланышкан.

Бүгүн биз 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында өзүнүн аскердик милдетин абийирдүүлүк жана кайратмандык менен аткаргандардын бардыгына башыбызды ийип, таазим кылабыз.

Тарых барактарына: «Баткен окуяларында жаш мамлекетибиздин армиясы бекемдиктин сынагынан ишенимдүү өттү. Эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү жана өз өлкөсүнүн Көз карандысыздыгын коргой ала тургандыгын иш жүзүндө далилдей алды» деп жазылып калды.

Биз элибиздин тынчтыгын жана бейкут жашоосун бузгусу келген ар бир душман татыктуу жообун алуу менен жок кылынат деп зор ишеним менен айта алабыз! Бирок Жараткандан асманыбыз ачык, жергебизде тынчтык гана болушун тилейбиз!

Өлкө башчысы катары менин позициям – мамлекеттик чек аранын эл аралык-укуктук жактан аныктоо процессинин бүтпөгөндүгү бүгүн да кооптуу. Биз менен чектешкен бардык мамлекеттер менен жүргүзүлүп жаткан чек ара сызыктарын аныктоо боюнча иштерди активдүү улантабыз жана аягына чыгарабыз.

Айрыкча республиканын түштүгүндө чек ара сызыктарын тактап, укуктук-ченемдик актыларды тезинен кабыл алуу; кайтаруу режимин күчөтүп, чек ара тилкелерин орнотуп, көзөмөл-өткөрүү пункттарын туруктуу иштешин камсыз кылуу; чек ара аймактарында инфраструктураны жакшыртуу – мамлекеттик коопсуздуктун негизги иштеринен болушу керек. Иммиграциялык, чек ара, бажы, санитардык көзөмөлдөө системалары өркүндөтүлүүгө тийиш. Чек ара аймактарында агенттик-ыкчам ишмердикти күчөтүү зарыл. Россиянын жана башка өнөктөш өлкөлөрдө федералдык чек ара кызматтарынын жогорку окуу жайларынан кыргыз жарандары үчүн квоталарды көбөйтүү жагы каралууга тийиш. Ошол эле мезгилде жоокерлер жана офицерлердин аскердик даярдыктары менен биргеликте алардын социалдык пакеттерин, материалдык-техникалык жактан жабдылышын кайрадан карап чыгуу керек.

Урматтуу замандаштар!

1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоодо аскердик милдетин аткарып жатып курман болгондордун сиңирген эмгегин баалоо жана ысымдарын түбөлүккө калтыруу иретинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 615 токтомунун негизинде 26-октябрь – жыл сайын белгиленүүчү «Баткен жоокерлерин эскерүү күнү» болуп бекитилген.

Мекен алдында өзүнүн аскердик милдетин аткарып, берген антына бекем туруп, ѳлкѳбүздүн эгемендиги үчүн ѳмүрүн берген жоокерлерибизди элибиз эсинде түбөлүккө сактайт!

Биз Баткенчи-жоокерлердин эрдигин эч качан унутпайбыз. Алардын мисалында келечектеги Мекен коргоочулары тарбияланат.

Сиздерге, урматтуу Баткен окуясынын катышуучулары жана курман болгон жоокерлердин жакындары, баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалаймын.

Пикир

Оставить комментарий